Бишкектеги №1 тергөө абагында 35 жаштагы жаран каза болду

Бишкектеги №1 тергөө абагында 35 жаштагы И.К. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Маркум 25-августта 12-сентябрга чейин камакка алынган. Ошол эле күнү ал Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган. 28-августта ал каза тапкан. Анын өлүмү тууралуу кабар туугандарына маркумга патологоанатомиялык изилдөөдөн кийин айтылган.

Туугандарынын айтымында, анын ден соолугу жакшы болгон. Маркумдун денесинде ур-соккунун издери болгондуктан туугандары ал катуу сабалгандан каза тапкан болушу мүмкүн деп ойлошот.

Бул окуя боюнча Жазаларды аткаруу кызматына байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Ош шаарындагы №25 тергөө абагында да бир адам көз жумган. Расмий органдар ал жүрөгү кармап калып, каза болгонун билдиришкен. Бирок маркумдун туугандар ал киши колдуу болгон деп ойлошот. Ал окуя боюнча кылмыш иши козголгон.