Бишкекте башаламан соода жайлары кайрадан жоюлду

Биринчи май районунда оюн кызматтарын көрсөткөн башаламан соода жайлары кайрадан жоюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1661752906 Бишкекте башаламан соода жайлары кайрадан жоюлду

Рейдге вице-мэр Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери катышты.

«Администрациянын кызматкерлеринин талап кылган мыйзам боюнча рейд учурунда «башаламан соодагерлер»  каршылык көрсөтүп, бул чыр-чатакка алып келди.

Ага карабастан 4 балмуздак муздаткычы, 1 күч өлчөгүч, 3 үйлөнүүчү батут, 2 жыгач оюн комплектиси демонтаждалып, соода түйүндөрүнүн ээлерине  протоколдор түзүлдү. акимчилик тарабынан аталган курулуштардын ээлери менен мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жерлерге орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин сатуучулар кайрадан «мыйзамсыз» жайларга кайтып келишкен»,-деп айтылат маалыматта.