Милиция кызматкерлерине эс алуучулар ыраазычылыгын билдиришүүдө

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине эс алуучулар ыраазычылыгын билдиришүүдө

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлардагы эс алуучулар ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.


Полктун кызматкерлери жыл сайын жайдын курорттук мезгилинде Ысык-Көл облусунда жайгашкан курорттук ден соолукту чыңдоочу жайларда коомдук тартипти сактап, жарандардын жана чет өлкөлөрдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыздап, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кызмат ѳтѳп келишет.

WhatsApp Image 2022 08 25 at 13.43.12 2 Милиция кызматкерлерине эс алуучулар ыраазычылыгын билдиришүүдө


Үстүбүздѳгү жылдын июнь айынан бери полктун кызматкерлери алдыга коюлган тапшырмаларды так туура аткаруу менен бирге адам ѳмүрлѳрүн сактап калууда, эс алуучулар ар кандай жагдайларда жардам сурап кайрылган учурларда ѳздѳрүнүн ыкчам, сапаттуу иши менен кѳптѳгѳн жарандардын ыраазычылыгына ээ болушууда. Алсак, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн Ош облусунан атайын келген улгайган адамдардын бири уюлдук телефонун жоготуп алган. Ошол аймакта коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн полктун кызматкерлерине жардам сурап кайрылашканда, алар жарым сааттын ичинде уюлдук телефонду таап, ээсине кайтарып беришкен.

WhatsApp Image 2022 08 25 at 13.43.12 1 Милиция кызматкерлерине эс алуучулар ыраазычылыгын билдиришүүдө
WhatsApp Image 2022 08 25 at 13.43.12 Милиция кызматкерлерине эс алуучулар ыраазычылыгын билдиришүүдө

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматына ыраазычылык билдиребиз!

YouTube video