
Бүгүн соцтармакта «Кыргызстан коммерциялык банктын» кардарлары бүгүн онлайн тиркемелери жана терминалдары иштебей жатканын айтып чыгышты.
Ага карата аталган банк маалымат берип, 24-августтан 25-августка караган түнү пландаштырылган техникалык иштер аткарылганын, ал боюнча банктын www.cbk.kg расмий сайтында 22-августта кабарланганын билдирди.
Ошол эле учурда учурда болуп жаткан мүчулуштүктөр орусиялык Right Line компаниясына болгон хакердик чабуулуна эч кандай тиешеси жок экендигин кошумчалаган.
Банк учурда POS-терминалдары, МБАНК жана банкоматтардын убактылуу иштебей жатканыдыгын белгилеп, жакынкы аралыкта бардык кызматтар калыбына келтириле тургандыгын билдирген.
Буга чейин, интернетте украиналык хакерлер Орусиядагы жана КМШдагы эң ири онлайн-банкинг программаны камсыздоочу Right Lineга чабуул жасагандыгы тууралуу маалымат тараган. Ошол эле учурда чабуулга кабылган банктардын тизмеси жарыяланган. Алардын катарында «Кыргызстан коммерциялык банкы» жана FINCA Банк болгон.