“Ала-Көл жайлоосу тарапка кеткен бойдон келген жок”: 22 жаштагы кытайлык студент изделүүдө

Ысык-Көл облусунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 22 жаштагы студенти Сай Тунду издөө иштери уланууда. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сай Тун 24-июлда жоголгон. Бирок, чет элдик жарандын жоголушу боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18-августта гана түшкөн.

Анын досторунун айтымында, Сай Тун Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайлоосу тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес.