
Россиядагы Ульяновск облусунда токтоп турган микроавтобусту артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унанын айдоочусу да каза болгону такталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-августта РИА Новости сайты билдирдт. Басылма ИИМдин аймактагы башкармалыгына таянуу менен жазды.
“Оор жүк ташуучу унааны өз убагында токтото албай, каргашанын келип чыгышын шарттаган айдоочу дагы мерт болду”, — деп билдирген аймактык милиция.