Каза болгон орусиялык альпинисттин өнөктөшү Константин Неплюев кырсык тууралуу айтып берди

Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып кулап, каза болгон орусиялык альпинисттин өнөктөшү Константин Неплюев кырсык тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, досу жайдын башында эле Кыргызстанга билет алган. Келгенден кийин эртеси «Учитель» чокусуна чыгышкан.

“Чокуга чейинки жол 5 саатты түздү. Кайра түшүп келе жатканда 30-40 мүнөт болгондо жолдо мөңгү бар экен. Саша (ред.- каза болгон жаран) шашып кетип, мөңгүнү басып, тайгаланып кетти. Ал кармана албай, таштак жерден дагы төмөн кулап, болжол менен 50 метрдей кулап кетти. Бардыгы көз алдымда болду”, — деди альпинист.