Бактыгүл Султангазиева: Улуттук онкологиялык борбордо мыйзамсыздык жана тууганчылык жок

Жакында эле блогер-журналист Улукбек Карыбек уулу Улуттук онкология жана гематология борборунда коррупция жана мыйзамсыздык өкүм сүрүп, “бизнес” чөлкөмүнө айланганы жөнүндө видеотасмаларын жеке YouTube  каналына жайгаштырган. Анда бейтаптар дарыгерлер акча талап кылып жатат деп айтып, арызданууларын билдирип жатканын көрүүгө болот. Ал тасмаларда тагылган айыптарды борбордун директору Бактыгүл Султангазиева жалган-жалаа деп эсептей турганын BULAK.KG маалымат порталына берген маегинде айтты.

«Алгач Улукбек Карыбек уулу менин кабинетиме келип өлкөдө онкологиялык оорулардын көбөйүп, өрчүп жатышы боюнча суроолорду берди. Мамлекеттик иште отургандыктан бизде эч кандай жашыра турган маселелер жок. Алар кызыккан суроолорго жооп берип, акыркы жарым жыл ичинде региондордо жасалган иштер тууралуу айтып бердим.

Андан соң Карыбек уулу менин жеке жашоомо байланыштуу суроолорду бере баштады. Онкология борборунда иштеген көп кызматкерлер менин туугандарым экенин айтып, жалаң тааныштарды гана жумушка алып жатасыз деп айыптады. Мен анын бул сөздөрүн төгүндөп бере алам. Бизде менин туугандарым жок дебейм, Сергек Султангазиев деген менин жээним иштейт. Бирок ал өз кызматында жүргөнүнө 10 жылдан ашып калды. Венгриянын борбору Будапешт шаарында ядерлик медицинаны окуп, өздөштүрүп келген. Бизде онкологиялык жалгыз борбор болгондуктан башка жерде иштеши мүмкүн эмес жана анын ордуна талапкер болгон башка кызматкерлер да жок. Анын үстүнө кызматынан кетем деп жүргөнүнө карабай жабышып кетирбей жатабыз. Эл аралык атомдук энергетика уюму окуткандыктан 5 жыл убакыт бизде иштеши керек деген талаптары да бар эле.

Бизде иштеген адистердин көбү чет мамлекеттерде – Чехия, Венгрияда окуп билим алып келишкен. Мен жумушка орноштургандар жалаң окууларын кызыл диплом менен бүткөндөр, өз жумушуна татыктуулар деп айта алам. Ал эми журналист Улукбек айтып жаткан айрым ысымдар менин туугандарым болгону менен бул борбордо иштебейт.

Мыйзам боюнча мага тууганчылыгы бар адамды бир гана башкы бухгалтердик кызматка ала албайм. Калган кызматтарга эгер татыктуу болсо орноштурууга толук мыйзам жол берет. Эң башкысы алардын билимине, тажрыйбасына карап алабыз.

Улукбек Карыбек уулу жанына ээрчитип алып жүргөн айым бизде мурун дарыланып кетиптир. Ал төлөгөн акчалар жалаң гана монополияга каршы комитет аныктаган прейскуранттагы баалар эле.

Андан сырткары алар менин жеке клиникам бар экенин, түрдүү баага операцияларды жасап келеримди айтып айыпташты. Бирок менде эч кандай жеке клиникам жок жана жумуш убагында башка жактарда операцияларды жасабайм.

 Ошол эле кезде 30 жылдан бери биз тазабыз, эч кандай коррупция болгон эмес деп айтууга такыр болбойт. Мен кызматка келгенче жана келгенден кийин коррупция жоголуп кеткен эмес. Бирок азыркы маалда коомчулуктан түшкөн арыздар азайып баратат. Борборубуз кадимкидей өзгөрүп жатканын белгилешим керек. Дарыгерлерге дайым түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп, бирин-экин болгон мыйзамсыздык менен күрөшүп жатабыз.

Улукбек Карыбек уулу жанында эрчитип жүргөн бейтаптар акчага жалданган болушу мүмкүн. Үйүндө дарыланып жаткандарды «өлүп баратасыңар» деп коркутуп кайра онкология борборуна алып келип жаткырыптыр. Азыр алар мындай кырдаалга кантип кабылганын өздөрү да билбей жатат. Бардыгы кадимкидей, сонун дарыланып чыккандар болчу. Менин да кайсы бир аялдан 40 миң сом алганымды айтып чыкты. Мунун бардыгы жалган экенин далилдеп да бере алам.

Социалдык тармактарга тарап кеткен биздин коллективдин президентке чейин кайрылуусун алгач мен билген эмесмин. Кесиптештер өз ара чогулуп ушундай чечимге келишптир. Анткени Улукбек Карыбек уулу операция жасап жаткан маалда терезелерди такылдатып, кирип келгенге чейин тоскоолдуктарды кылып, жумушуна бир топ ыңгайсыздыкты жаратып келди. Кече жакында профсоюз кеңешинде ал блогер же журналисттин деңгээлине түшпөй, сотко бербей эле коелу деген сунуш болуптур. Кеспитештер кандай чечсе, мен ошол чечимдер менен бирге болом».