Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин кыдырды

11-августта UFC’нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине барды. Бул тууралуу  уюштуруучулар билдиришти.

Нурмагомедов менен бирге тарых музейине «Хасбик» каймана аты менен таанымал блогер Хасбулла Магомедов, Eagle FC’нин президенти Шамиль Завуров барган.

Тарых музейинин кызматкерлери конокторго Кыргызстандын тарыхы, үрп-адаты жана маданияты тууралуу айтып беришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте 10-августта Eagle FC 49 мелдеши өткөн. Анда башкы беттеште кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Расул Магомедов мушташкан. Ал беттешти россиялык мушкер жеңип, чемпиондук курду тагынган. Бул мелдешке Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов ардактуу конок катары катышкан.

photo 2022 08 12 12 24 25 8 Хабиб Нурмагомедов Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин кыдырды