«Танк биатлону-2022» эл аралык сынагында беш өлкөнүн танкисттери күч сынашат

«Танк биатлону-2022» эл аралык сынагына кыргыз танкисттери даярдана баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы «Алабино» тактикалык-окуу комплексине келди. Учурда танк экипаждары сооттехникасын кабыл алып, бир сыйра жүргүзүп байкоо жана анын куралдарынан текшерип атууларды аткарышты, ошондой эле алдыдагы мелдешүүнүн маршрутунун жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана Россиянын күчтүү командалары менен күч сынашмакчы.