«Эдельвейс» полигонунда «Кобальт – 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды

Балыкчы шаарынын «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт – 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталганы тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 3-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда “Кобальт – 2022” атайын-тактикалык машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 08 03 at 12.15.58 «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды
c34f632f 76f2 4b98 8e80 130c09b60432 «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды


Машыгуунун ачылышында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө машыгуунун негизги максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердеги кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналаарын белгиледи. Белгилей кетсек, мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет.


Аталган машыгууга Армения, Беларуссия, Казакстан, Тажикстан жана Россиянын өкүлдөрү катышышты. Машыгуунун ачылышында мүчө мамлекеттердин мамлекеттик Гимндердин аткаруусунан кийин аскердик салтанаттуу жүрүш болуп өттү.
Эскерте кетсек, аталган машыгуу “Эдельвейс” полигонунда 2022-жылдын 5-августуна чейин болуп өтөт.
Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

5efb64c0 9d9f 4be7 9cb8 515bcd395258 «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды
de51c9cc 2855 4747 b2d9 bb50e6d75965 «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды
6f58896f 5045 4872 a549 7ec5fe5940fc «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды


Машыгуунун мерчеми боюнча атайын операцияны пландаштыруу, ар кандай күчтөр менен каражаттарды башкаруу жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (ФССН КСОР) Ыкчам штабы менен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү каралган.
Машыгуунун соңунда ар кандай куралдардан ок атуу боюнча мелдештер, ошондой эле машыгууга катышкан командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.