Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда, – деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул жумада Ош шаарында Исанов жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндөгү 25ке жакын мыйзамсыз объект алынды.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматы боюнча, аталган көчөлөрдүн боюндагы 700 метр мыйзамсыз тосмолор, 12 гараж, 2 күркө, 11 навес сүрдүрүлгөн.