Билим берүү министри менен Ирандын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отурумунун протоколунда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен ИИРнын илим, изилдөө жана технология министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө илим, изилдөө жана технология жаатындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюу каралгандыгын билдирди.

Саид Харази Ирандын Билим берүү жана тарбия министринин Кыргызстанга пландалган иш сапары тууралуу айтып, иш сапардын алкагында жогоруда айтылган Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле элчи башталгыч жана орто кесиптик билим берүү, мугалимдер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ал эми Алмазбек Бейшеналиев кызматташтык үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, Иран Ислам Республикасынын Билим берүү жана тарбия министри менен жолугушууга жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө даяр экендигин билдирди. Буга кошумча министр элчиге кыргыз-иран биргелешкен илимий фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар билим берүү жана илим жаатында кызматташуу тилегин билдиришти.