Кыргызстанда бир күндө 31 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында жанаша турган үч турак үй, төрт куб отун, бир муздаткыч жана короодо куураган чөп күйгөн.

Жайыл районунун Жекен айылында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган кароосуз калган турак үй толугу менен күйгөн.

Жалал-Абаддын Сузак районунун Бекабад айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен 134 түк саман чөп күйгөн.