Ат-Башыда эфир майын чыгара турган ишкана ачылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда эфир майын чыгара турган “Дордой-Дары” өндүрүш ишканасы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Дордой-Дары” ЖЧКсы 2002-жылы уюштурулуп, дары чөптөрдү чогултуу, аны кайра иштетүү багытында ишмердүүлүк кылып келген.

Учурда ишкана Япониялык эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун, ушул эле агенттиктин “Аз камсыз үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу” долбоорунун жана Бириккен улуттар уюмунун “Азык-түлүк программасынын” материалдык, техникалык колдоосу менен кеңейтилип, май чыгаруучу жабдуулар, ар тараптуу окутуулар менен камсыз болгон.

Ошондой эле өндүрүштүк ишканага “Дордой” ассоциациясы тарабынан толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, жабдуулар менен камсыздалган.

“Ишканада 10 жумуш орду түзүлгөн. Сезон убагында 35 адам жумушка тартылат. Анда 29 чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дары чөптөрдүн уруктарынан эфир майы өндүрүлөт”, – деп айтылат билдирүүдө.