Казакстанда акыркы суткада 2480 адамдан коронавирус табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 480 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 796, Алматы шаарында – 722, Шымкент шаарында – 105, Акмоло облусунда – 62, Актөбе облусунда – 25, Алматы облусунда – 90, Жетису облусунда – 109, Атырау облусунда – 47, Чыгыш-Казакстан облусунда –9, Абай облусунда – 31, Жамбыл облусунда – 82, Батыш-Казакстан облусунда – 31, Караганда облусунда – 165,Улутау облусунда – 20, Костанай облусунда – 37, Кызылорда облусунда – 40, Мангистау облусунда – 32, Павлодар облусунда – 26, Түндүк-Казакстан облусунда – 25, Түркстан облусунда – 26 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 326 миң 190 адам коронавирус жуктурган.