Таласта тигүү фабрикасы курулат

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тигүү фабрикасын курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 83 млн 632 миң сомду түзөт. Тендердик сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 5-август, саат 09:00.