Нуран Ниязалиев Борбордук Азия лидерлеринин алдыдагы саммитинин негизги мазмунуна токтолду

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтчү Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун негизги мазмунуна токтолду.

Анын айтуусуна караганда, жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышат.

“Алдыдагы жолугушууда саясий алаканы бекемдөө, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, аны менен бирге маданият, билим берүү, миграция жана саламаттык сактоо тармагындагы бир топ багыттарда талкуулар өтөт”, – деди ал.

Ниязалиев баса белгилегендей, Борбордук Азиядагы азыркы абал, чөлкөмдөгү коркунучтар жана тобокелчиликтер, ага президенттер биргелешип кандай чараларды көрүшү керек деген суроолор саммиттин негизги күн тартибиндеги маселелер болот.

“Бул жолугушууга даярдык көрүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Борбордук Азиянын тышкы саясий ведомстволорунун эксперттери бир катар жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү: уюштуруучулук жагы, президенттердин жолугушуусуна материалдарды даярдоо жана жыйынтыктоочу документтер”, – деди Ниязалиев.

Ошондой эле ал бул маселелер Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында да талкуулана тургандыгын кошумчалады.

“20-июлда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашат. Ошондой эле саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтеринин долбоорлорун карашат”, – деди министрдин биринчи орун басары.