Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 91 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 63 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 21 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.
Алсак, аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 75, Ошто – 5, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1.
Бүгүнкү күндө 85 адам амбулатордук түрдө, 16 адам ооруканада дарыланууда.
Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 505 учур катталып, өлүмдүн көрсөткүчү 1,5%ды түздү.