
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп 73 жашында каза болду. Бул тууралуу саясатчы өзү билдиргенин The Times басылмасы жазды.
Дональд Трамптын мурунку жубайы Нью-Йоркто көз жумган. Жубайлар 1977-жылдан 1992-жылга чейин 15 жыл бир жашап, үй-бүлө болушкан. Алардын эки уулу жана бир кызы бар.