Бүгүн, 12-июлда Бишкектин четиндеги 2 гектар жер өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өсүп турган кургак чөп өрттөнүп жаткан жерге Бишкек шаардык өрт өчүрүүчүлөрдүн 1 бөлүмү чыгып кеткен.
Такталган маалымат боюнча, Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 14:10дө чектөөгө алынган.
«Ала-Тоо» ресторанынын күн батыш тарабында болжол менен 2 гектар чөп күйгөн. Бул тилкеде саат 15.38де тилсиз жоо толук токтотулган.