Доллардын курсу 82,6 сомду түздү

 8-июлдагы банктар аралык валюта соодасынын жабылышында доллардын курсу бир күндө 10 тыйынга кымбаттап, 82,6 сомду түздү.

Жалпысынан банктар күнүнө 3,3 миллион долларга транзакцияларды жапты.

Белгилей кетсек, бир доллардын расмий курсу 82,6453 сомду, коммерциялык банктарда 83-84 сомду түзүүдө.