Мөңгүдөн туристтер жапа чегишти

Ысык-Көл облусунун тоолорунда мөңгү кулады. Окуя Тескей Ала-Тоо кыркасындагы Жууку ашуусунда болгон.

Кар көчкү 8-июлда түшкөн. Анын видеосун табигый кырсыкка күбө болгон чет элдик туристтер тартып калган.

Туристтердин бири Гарри Шиммин билдиргендей, муз массасы туристтер тобу Жуукудан өтүп бараткан учурда ээрип кеткен. Алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Он адамдан турган туристтердин тобунан эки адам жабыркады. Анын бири бутунан жаракат алып, Бишкекке жөнөтүлдү.