Улан Ниязбеков жолугушуудан кийин Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды

ИИМ: Улан Ниязбеков жолугушуудан кийин Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды

Таш-Көмүр шаарындагы эл менен жолугушуудан кийин шаардык милициянын имаратында Улан Ниязбеков жергиликтүү тургундар Сманжан Бабатаев, Айжамал Жээнкулова жана Самара Калыбаеваларды кабыл алып, алардын кайрылуулары дыкаат текшерилип, ар бири боюнча калыс жана акыйкат чечим кабыл алына тургандыгын баса белгиледи.

Келген жарандар Таш-Көмүр шаардык милициясынын имаратынын курулушунда ашыкча чыгымдар кеткени тууралуу, милиция кызматкеринин жүрүм-турумуна баа берип, аларды кесиптик жогорку чеберчиликке даярдоону жана козголуп бирок кийин кыскартылып калган кылмыш ишин кайрадан жандандырып күнөлүү адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранышкан. Жарандарды кабыл алган министр алардын кайрылуулары жана сунуштары боюнча ыраазычылыгын билдирип, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.

Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 08. 20 улан ниязбеков жолугушуудан кийин таш-көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды
Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 08. 19 1 улан ниязбеков жолугушуудан кийин таш-көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды
Улан Ниязбеков жолугушуудан кийин Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды


ИИМдин Басма сөз кызматы

Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 08. 18 1 улан ниязбеков жолугушуудан кийин таш-көмүр шаарынын жашоочуларын кабыл алды