Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ЖКда ант беришти

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ант берди.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаев ант берди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышууда. Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөйт.