Депутат Нурбек Сыдыгалиев: «Иштей албасак мандатты тапшырып, тарап кетели»

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев кесиптештерине нааразы болуп, «иштей албасак мандатты тапшырып, тарап кетели» деген сунушун айтты.

Сыдыгалиевдин мындай нааразы пикирине депутатар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевдин мыйзам долбооруна добуш бербей койгону себеп болгон.

«Тигил жакта эки депутат добуш бербей койсо эле биз мыйзам долбоорун алып кое беребизби? Урматтуу депутаттар силерден бир суранычым бар, бири-бирибизди сыйлабайлыбы. Эгер каршы берсеңер «каршы» бергиле же «макул» деп добуш бергиле. Эгер иштей албасак ушул жерден тарап кетеличи. Биз иштей албай калдык окшойт.

Тизме чогулталы, мына мен биринчи кол коюп берем мандатымды тапшырганга. Мына «Бүтүн Кыргызстан» олтурат саботаж кылып, бул эмне дегендик? Сыйлайлы да бири-бирибизди, эгер болбосо компьютерлерин өчүрүп салалы булардыкын. Ошону баарыбыз чечели, добушка коелу компьютерлерин өчүрсө өчүрүп салалы. Мыйзам чегинде иштейли да… Демек булар бизди сыйлабайт, ошондуктан ушуга барып жатышат», — деди депутат.