Бахадин Шабазов: “Туристтерге алар күткөндөй тиешелүү тейлөө көрсөтүшүбүз керек”

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахадин Шабазов Ысык-Көлдө жайкы сезон башталганына байланыштуу баалар жана туристтерге көрсөтүлгөн тейлөө боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, баалар кымбат болгону менен шарттар жок.

“Ысык-Көлдө сезон башталды, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келип жатат. Учурда бааларды ким жана кантип көзөмөлдөйт? Туристтерди тартып келиш керек деп айтабыз. Бирок, биринчиден бизде шарттар жок. Экинчиден баалар кымбат, тейлөөнүн сапаты бааларга дал келбейт. Мисалы, Орусиядан турист келип, бааларын көргөндөн кийин ал: “бул жакка келүүнүн эмне кереги бар, андан көрө Түркияга барып эс алам, ал жакта тейлөө кызматы алда канча жакшырак”, деп айтат”, — деди депутат.

Ал эми Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков туризм рыногу атаандаштык рыногуна карай турганын айтып, алар бааны өз алдынча аныктай турганын белгиледи.

“Учурда туризм рыногунда монополиялык субьекттер жок. Эгерде ал жерде монополиялык субьекттер бар экенин аныктасак, анда биз тиешелүү чара көрүп, көзөмөлдөп баштайбыз”, — деди ал.

Бахадин Шабазов: “туристтерге алар күткөндөй тиешелүү тейлөө көрсөтүшүбүз керек. Эгер андай болбосо, туристтер кийинки жылы келбей коюшат. Ошондуктан сезон маалында бааларга да көңүл бургула”, — деди.