Кара-Суу районунда үч даана ок атуучу курал алынды

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июнда райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Төлөйкөн айылынын тургуну “К” аттуу жаран тополоң кылып жаткандыгы тууралуу маалымат билдиришкен.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, ызы-чуу салган Төлөйкөн айылынын тургуну 61 жаштагы К.О. экенин аныктап, үйүнөн 3 даана эч кандай документи жок ок атуучу мергенчилик курал табылган.

Аталган факт 2022-жылдын 21-июнда райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Ок атуучу куралдарды мыйзасыз сактап жүргөн жаран куралдар атасынан калгандыгын жана атасына катталгандыгын билдирип, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок экендигине байланыштуу милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген .

Азыркы учурда куралдардын кайсы үлгүгө кирери жана атууга жарактуулугун текшерүү үчүн соттук-балистикалык экспертиза дайындалган. Тактоо иштери уланууда.