Ленин районунда эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти

Бишкектин Ленин районунда эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тараган.

Өрт тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Жалын Жунусалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке турак үйдөн чыккан.

«Өчүрүү иштерине ӨКМдин 4 өрт өчүрүү бөлүмү, штаб жана бир суу ташуучу тартылган. Өрт саат 03:57де локализацияланып, саат 5:23тө толугу менен өчүрүлгөн», — деп билдиришти ӨКМден.

Каза болгондор жана жабыркагандар жок