Бишкекте аял пластикалык операциядан кийин каза болду

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң (липосакция) көз жумду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.


Бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деди.

Маркумдун жакындары Улуттук госпиталга эч кандай арыз-даттануулары жок, алар колунан келген бардык аракеттерди кылышкан.


Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, клиниканын аталышы “Арт Клиник”.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды. Аларды аял жалгыз багып келген.