Карындашын коргойм деп катуу сабалган баланын окуясы ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө

Ички иштер министри Улан Ниязбеков карындашын коргойм деген агасына карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып, иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.
Бул факт тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзамдын чегинде татыктуу жазаларын алышат.


Аталган факт Нарын РИИБдин Тергөө кызматынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.


Кечээ, 22-июнь күнү кошумча комиссиондук соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы