«Атазов мандатыңды тапшыр!» аттуу митинг Ак үй алдында өтүп жатат

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап турушат.

Нааразычылык акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткан сунушуна каршы пикирин билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

«18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Миграция тармагы боюнча тийиштүү органдар комитетке келип маалымат берсин», — деди Атазов.