15 жаштагы кызга ыплас иш-аракет жасаган жаран беш жылга кесилди

Чүй облусунда 15 жаштагы кызга ыплас иш-аракет жасаган жарандын иши боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, сотко жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын март айында Москва РИИБине өспүрүмгө карата ыплас иш-аракет болгондугу туурасында билдирүү түшкөн. Тагыраагы, дүкөнгө кирген киши 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөнү айтылган. Өспүрүм кыздын жакындарынын арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (ыплас иш-аракеттер) менен каттоого алынган.

Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалган. Аталган окуя боюнча тергөө иштери Москва РИИБи тарабынан апрель айынын соңуна чейин жүргүзүлүп, 29-апрелден баштап Москва райондук прокуратурасы уланткан. Учурда тергөө иштери аяктап, топтолгон материалдар андан аркы териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.