10 тоннадан ашык травертин кармалды

Кыргызстандын  «Оперативдүү» бажысы 10 тоннадан ашык травертинди мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Оперативдүү» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Ноокат шаарында «К. у. Э.» аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда  «Mercedes-Benz»  үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн кароодо, «EvroPaint» соода маркасындагы «декоративдик акрил түрүндөгү травертин  каптоосу (суюк түрүндө) жана тунук лак» табылган. Товардын жалпы салмагы 10 500 кг, баасы 660 000 сомду түзгөн. Жүк Өзбекстандан ЕАЭБтин Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз ташылып киргизилген.

Жогорудагы факт КБР АДС МКЖга каттоого алынып, чогултулган материалдарга карата процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргызстандын Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.