Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлору жана ыкчам кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Кең-Кол өзөнүн, Кууганды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын жана Көпүрө-Базар айылына тиешелүү аймактарда жайгашкан мал сарайларды кыдырышууда.
Анда ири өлчөмдөгү малдарды кайтарган чабандар жана мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Аларды мал жандыктарына жакшы көңүл буруу, өз убактысында түгөлдөп, чек арадан өтүп кетүүсүнө жол бербөөгө чакырышууда. Мал уурулук жана мал жоготуу фактыларын болтурбоо, катталган мал уурулук кылмыштарынын бетин ачуу максатында бул иш чара Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкан өзөндөрдө алдын алуу иштерин алып барышты.
Мал ээлеринин жалданма жардамчылары дагы каттоого алынып, өздүктөрү текшерилди. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коопсуздук чараларын көрүүнү эскертип, кайрылууларды кабыл алышты.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы