“Мен Башкы прокурор богондо, эбак камалмаксың”. Парламентте Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты

2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “өкмөттүк күн” башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду “УКМКга далилсиз сын айтууда” деп айыптады.

“Парламент трубунасынан айтылып жатат. “УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат” деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек.

Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, – деди Мадумаров.

Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакы

рды.

YouTube video
YouTube video