
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Каракол шаардык 15-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.