Бишкекте жеңил унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен саат 08:00 чамасында 1988-жылы туулган М.М. аттуу айдоочу “Kia K5” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Сүйөркулов көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Натыйжада 2005-жылы туулган Н.К. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалып, айдоочусуна карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.