Жанар Акаев: Торпедо, ок-дары чыгарган заводдун, банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне тиешеси бар?

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилишине каршы чыгып, кооптонууларын билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети аталган министрликтин карамагына Megacom, “Кыргыз телеком” ишканаларын, “Евразия сактык банкын” жана “Дастан” заводун өткөрүп берген.

Жанар Акаев мындай учурда ири суммадагы акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетпешине ким кепилдик бере алат деп суроо салды.

“Алексей Ширшовдун оң колу, шопуру Талант Имановго төрт мекемени өткөрүп берди. 3 миллион абоненти бар Megacom менен 300 миң кардарды тейлеген “Кыргыз телеком” макул, багыты бир экен.

Торпедо, ок-дары чыгарган заводдун, банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне тиешеси бар? Ушундай токтомду жокко чыгарыш керек”, — деди Акаев.

YouTube video