Садыр Жапаров: “Кыргызстан Россия Федерациясы менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар”

 Садыр Жапаров 16-майда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

126271 Садыр Жапаров: "Кыргызстан Россия Федерациясы менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар"

Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери  кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Россиянын Президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.  

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен  бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.