Томми Молл соода борборун милиция курчоого алды

Томми Молл соода борборун милиция курчоого алды. Бул тууралуу видео «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

Маалыматта, көчөдө тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаа турганы айтылган.

 Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы соода борбору курчоого алынганы тууралуу маалыматты тастыктап, имаратта антитеррордук машыгуулар өтүп жатканын билдиришти. Иш-чара УКМКнын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.