Өзүнө бычак сайган жигит каза болду

Бишкекте жаш кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган жигит каза болду. Маалыматты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 4-майда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде белгисиз жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп, ал жерге келген учурда жаран 1997-жылы туулган Ч.Д. кызганычтын айынан 1997-жылы туулган Д.А.нын мойнуна бычак сайып, андан кийин болжол менен өзүнүн мойнуна бычак сайган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо жаран Д.А. алган жараатынан улам каза болгон.

«Ч.Д. ооруканага жаткырылып,  кайтарууда болгон. 8-май күнү өзүнө келбей каза болду», —деп айтылат маалыматта.