Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

0
23

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Бул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор, кыйын жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Россия президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.