
Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты эртең шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабык болот.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, саат 19:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүк жабылат.
Кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.