Мээрим Жуманазарова: “Оюмда алтын алам деп, медалды эрте тагынып алдым”

Монголиядагы Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болгон спортчу Мээрим Жуманазарова “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Азия мелдешиндеги күрөшү тууралуу пикирин билдирип, Азия чемпионатына жакшы ой-тилектер жана мыкты даярдык менен барганын айтат.

“Оюмда алтын алам деп, тилекке каршы, медалды эрте тагынып алдым окшойт. Бирок ага чейин монголиялык кыз менен күрөшүп жатып бутумду кокустатып алгам. Жакшы күрөш көрсөтө алгам жокмун. Өзүмдү дагы сактап туруп алдым”, — дейт спортчу.