Москвада Кыргызстандын өкүлчүлүгү алдында кыргызстандыктар аталган мекеменин кызматкерлерин Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, аларга жарамазан айтып беришти, -деп билдирет журналист Мирбек Молдакунов.
«Жарамазанчылар Москвада басып жүрүшөт. Полиция шок абалында”, – деп жазды ал.
Видеодо кыргызстандыктар ак калпак, кыргыз көйнөк, кыяк алып, шаңдуу ырдап жатканын байкасак болот.