Бишкектеги Ош базарынын жанынан эки кыз эркек кишини сабап салган. Бул тууралуу видеону фейсбук колдонуучусу Афтандил Жоробеков жарыялады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 17-апрель күнү, болжол менен түнкү 00:30да, Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Ал эми Ленин РИИБнен окуянын чоо-жайын териштирилип жатканы кабарланды.