Бүгүн, 16-апрелде Кыргызпатенттин кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту.
Ишембилик КРнын Перезиденти Садыр Жапаров тарабынан ишке киргизилген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү.
Бул демилге өлкөбүздү жашылдандырууга көмөктөшүп, климаттын өзгөрүшүн алдын алуу менен жарандардын көңүлүн жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө бурат.