Айдоочу электрондук самокат тээп бараткан өспүрүм кызды сүзүп алды

Бишкекте айдоочу электрондук самокат тээп бараткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-апрелде, саат 11:20лар чамасында 23 жаштагы Nexia автоунаасынын айдоочусу А. Токомбаев көчөсү менен күн батышты көздөй баратып жөө өтмөктөн электрондук самокат тээп өтүп бараткан 16 жаштагы өспүрүм кызды сүзүп алган.

Кырсыктан жабыркаган кыз шаардагы №3-ооруканага жеткирилген.

Ал эми айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулуп, кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кырсыгын каттоо иштери уланууда.