Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет

Быйыл Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, дуба кылышат.